Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен кулк-мүнөзү эң толугу эле. Ал бардык кулк-мүнөздүүлүктө жана жакшылыктарда алдында болчу, мисалы, сөзүнүн сылыктыгы, жакшылыкты көп кылганы, жүзүнүн жарыктыгы, эч кимге зыян бербегени, башкалардын зыянына чыдаганы ж.б. иштерде алдында болчу.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөзү жакшылыктарды камтыган толук болгон.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кулк-мүнөздө үлгү алууда толук үлгү боло алат.

Көркөм кулк-мүнөздө пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үлгү алуу зарыл.

التصنيفات

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ички сыпаттары, кулк-мүнөзү