إعدادات العرض
Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек
Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Адамдар ар бир мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүгө милдеттүү. Эки адамды жараштыруу - садага. Кишини улоосуна мингизип, же буюм-теримин улоосуна артышып коюу - садага. Ооздон чыккан жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке каттаган ар бир кадам - садага. Зыяны тие туган нерсени жолдон алып таштоо - садага".
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Română Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулман таза ден-соолугуна шүгүр иретинде Аллах үчүн күн сайын дене мүчөлөрүнүн санынча садага бериши керектигин айткан. Бул садагалар мал-мүлктөн гана бере турган садага эмес, жакшы иштердин баарына тиешелүү садагалар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: Урушкан эки адамды жараштырып коюу - садага. Алсыз болгон бирөөнү улоосуна мингизип, жүгүн артып берүү да - садага. Дуба, зикир же салам айтуу сыяктуу жакшы сөздөрдүн баары - садага. Мечитке карай таштаган кадамдын баары - садага. Зыяны тие турган нерсени жолдон алып таштоо - садага.فوائد الحديث
Адам баласынын сөөк, тарамыштарынын тартиптүү кыймылдап турганы Аллах Тааланын бизге берген эң чоң нээмат жакшылыгы. Ошон үчүн Аллахтын бул жакшылыгына шүгүр кылып, ар бир мүчөгө өзүнчө садага берилүүсү тийиш.
Аллахтын нээмат жакшылыгы дайыма уланып туруусу үчүн күн сайын ага жаңылап шүгүр кылуу керек.
Күн сайын нафил ибадаттарды аткарып, садагаларды берип туруу керек.
Адамдардын ортосун жараштыруу - артыкчылыктуу иштерден.
Мусулман боордошуна жардам берүү зарыл, анткени ага жардам берүү да садага болуп эсептелет.
Жамаат намазын окуу үчүн басып баруу керек. Мечит куруу да ушуга кирет.
Зыяндуу нерселерди алып таштоо аркылуу мусулмандардын ары-бери баскан жолун таза сактоо важиб.
