إعدادات العرض
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
Абу Абдурахман Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум: "Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
[Сахих (ишенимдүү)] [رواه البخاري ومسلم]
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Nederlands ગુજરાતી नेपाली Yorùbá Lietuvių دری Српски Soomaali тоҷикӣ Kinyarwanda Română Magyar Čeština Moore Malagasy Fulfulde Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayu Yaoالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды бекем курулушка окшоткон. Ал курулушту кармап турган түркүктөрү Исламдын беш түркүгү, ал эми Исламдын башка жөрөлгөлөрү курулушту толуктап бүтүрөт. Бул түркүктөрдүн биринчиси: эки күбөлүк; Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын элчиси деген күбөлүктөр. Бул экөө бири-биринен ажырагыс болгон бир түркүк. Пенде бул эки күбөлүктү Аллахтын жалгыздыгын, Ал гана ибадатка татыктуу экендигин, Андан башка ибадатка татыктуу жоктугун моюндап айтат. Бул күбөлүктүн талабын аткарып амал кылат. Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динине ишенип, анын артынан ээрчийт. Экинчи түркүк: Намаз окуу. Бул бир сутка ичинде окула турган беш убак парз намаз. Алар: Багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан. Намаз окуганда анын (сырткы) шарттары, (ички) үрүкүн-парздары жана ваажыбдары толук аткарылуусу керек. Үчүнчү түркүк: Парз болгон зекетти берүү. Бул шариятта чектелип көрсөтүлгөн чек-өлчөмгө жеткен малдан милдеттүү түрдө бериле турган байлыкка тиешелүү ибадат. Зекет аны алууга ылайыктуу болгон адамдарга берилет. Төртүнчү түркүк: Ажы кылуу. Бул Аллахка кулчулук кылуу үчүн Меккени максат кылып барып, анда ажылыктын талап, тартиптерин аткаруу. Бешинчи түркүк: Рамазан айында орозо тутуу. Бул таң аткандан баштап, күн батканга чейин Аллахка кулчулук кылуу ниети менен жегенден, ичкенден ж.б. орозону буза турган иштерден сактануу.فوائد الحديث
Эки күбөлүктү бекем кармоо зарыл, алардын бири болбосо, экинчиси жарактуу болбойт, ошон үчүн экөө бир түркүк болуп эсептелет.
Бул эки күбөлүк диндин негизи, бул экөөсүз сөз дагы, амал дагы кабыл кылынбайт.
