إعدادات العرض
Эгерде силер Аллахка чындап тобокел (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей…
Эгерде силер Аллахка чындап тобокел (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек
Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: «Эгерде силер Аллахка чындап тобокел (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы бермек».
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் မြန်မာ ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ Bambara ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизди дүйнөлүк жана диний иштерде пайда алып келүү жана зыяндан сактануу үчүн Аллах Таалага таянууга үндөп жатат. Анткени Аруу Аллах Тааладан башка эч ким бере да албайт, тыйып да коё албайт жана зыян да, пайда да жеткире албайт. Качан биз пайда алып келе турган жана зыяндан сактай турган себептерди Аллахка чын ыкластан таянып аткарсак, анда Аллах бизге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы берип коёт. Чымчыктын бул кылганы - башкаларга таянбастан, жалкоолук кылбастан ырыскы издөөдөгү себептердин бир түрү.فوائد الحديث
Чыныгы таваккүль кылуунун пазилети. Чыныгы таваккүль кылуу ырыскы талап кылуудагы эң чоң себептердин бири.
Тобокел кылуу менен себептерди аткаруу бири-бирине каршы келбейт. Анткени чыныгы тобокел кылуу эртең менен жана кечинде ырыскы издөөгө каршы келбестигин кабарланган.
Жүрөктөрдүн амалдарына Ислам шарияты көңүл бурат. Анткени таваккүль кылуу – бул жүрөктүн амалы.
Себептерге гана байлануу – анын дининин кемчилдиги. Ал эми себептерден баш тартуу – акылынын кемчилиги.
