إعدادات العرض
Мен сейил кылдырылган исра-мираж түнү Ибрахимге жолуктум. Ал мага: Оо, Мухаммед, үммөтүңө менден салам айт. Аларга айтып кой, бейиштин топурагы борпоң, суусу (тузсуз)…
Мен сейил кылдырылган исра-мираж түнү Ибрахимге жолуктум. Ал мага: Оо, Мухаммед, үммөтүңө менден салам айт. Аларга айтып кой, бейиштин топурагы борпоң, суусу (тузсуз) таза
Ибн Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мен сейил кылдырылган исра-мираж түнү Ибрахимге жолуктум. Ал мага: Оо, Мухаммед, үммөтүңө менден салам айт. Аларга айтып кой, бейиштин топурагы борпоң, суусу (тузсуз) таза, жери кенен. Анын көчөтү "Субханаллах, валхамду лиллаах, ва лаа илааха иллаллааху валлааху акбар".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Kiswahili Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Oromoo Tiếng Việt አማርኛ پښتو ગુજરાતી ไทย Română മലയാളം नेपाली Malagasy Deutschالشرح
Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ибрахим пайгамбар менен Исра жана Мираж түнүндө жолукканын кабарлайт. Ибрахим ага: «Оо, Мухаммад, үммөтүңө менден салам айт жана аларга бейиштин топурагы борпоң, суусу таттуу, тузсуз экенин билдир. Бейиш кең, тегиз, бирок азырынча бак-дараксыз, анын өсүмдүктөрү жакшы сөздөр. Булар түбөлүк сооптуу иштер болуп кала турган сөздөр: «Субханаллах» (Аллах аруу), «Алхамдулиллах» (Аллахка мактоолор болсун), «Лаа илааха иллаллох» (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Кудай жок), «Аллаху Акбар» (Аллах Улук). Мусулман адам бул сөздөрдү айткан жана кайталаган сайын бейиште ага бак тигилет».فوائد الحديث
Бейиштеги бак-дарагын көбөйтүү үчүн көп зикир кылууга кызыктыруу.
Мусулман үммөтүнүн кадыры бийик. Аларга Ибрахим пайгамбар салам айткан.
Ибрахим пайгамбар Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүн көп зикир кылууга кызыктырып үндөгөн.
Ат-Тийбий айтат: Бейиш кенен, бош болгон. Аллах Таала Өзүнүн берешендиги менен амал кылуучулардын амалына жараша анда дарактарды жана сарайларды пайда кылган. Ар бир амал кылуучуга амалына жараша өзүнө тиешелүү энчиси болот. Андан кийин Аллах Таала алар соопко жетишүүсү үчүн амалдарды жеңилдетип, тиги дарактардын көчөтү кылып койду.
التصنيفات
Зикир кылуунун артыкчылыктары