Зикир кылуунун артыкчылыктары

Зикир кылуунун артыкчылыктары

1- «Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.*@

4- Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)

11- Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*