Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кудсий хадисте Аллах Тааланын мындай деп айтканын айтты: «Бир адам күнөө кылып, андан кийин: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтса, анда Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» деди да: «Мен сенин күнөөлөрүңдү кечирдим» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Мен кулумду кечирдим» - деп айтты. Андан кийин кайра ал адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечирип жашыра турган, күнөөлөрдү кетире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Мен кулумду кечирдим. Ал ар бир күнөө кылган сайын күнөөсүн таштап, өкүнүп, кайра ага кайтпоону чечип бирок напси аны жеңип кайра күнөөгө батса, анда каалаганын кылсын. Ал күнөө кылып анан тообо кылып ушундай кыла берсе, анда Мен аны кечирем. Анткени тообо андан мурункуларды жок кылат» - деп айтты.

فوائد الحديث

Аллахтын пенделерине болгон ырайымы кең. Пенде кандай күнөө кылбасын, эмне кылбасын, эгер ага тообо кылып Ага кайрылса, Аллах анын тообосун кабыл кылат.

Аллах Таалага ыйман келтирген адам Раббисинин кечириминен үмүт кылат, Анын азабынан коркот. Ошондуктан тообо кылууга шашат жана күнөө кылууну токтотот.

Чыныгы тообо кылуунун шарттары: күнөөсүн таштоо, өкүнүү жана кайра күнөөгө барбоого ниет кылуу. Ал эми пенделердин мал мүлкүн тартып алып, намысын тепсеп же напсисин кордоп зулумдук кылган болсо, анда анын тообо кылуусуна төртүнчү шарт кошулат. Ал - Акы ээлери акысын кечүү үчүн алардан ыраазычылык суроо же алардын акысын берүү.

Аллах тууралуу илим алуу эң зарыл. Ал илим пендени дин маселелерини билүүчү кылып коёт. Ошондуктан ал пенде ката кетирген сайын тообо кылат, Аллахтан үмүтүн үзбөйт жана күнөөсүн кайра уланта бербейт.

التصنيفات

Зикир кылуунун артыкчылыктары, Зикир кылуунун артыкчылыктары