Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган,

Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган,

Абу Дарда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган, Падышаңардын алдында эң таза жана силер үчүн алтын-күмүш садака кылуудан да артык, казатта душманыңар менен беттешип, силер алардын, алар силердин башын кыя чапкандан да артыгыраак ишиңер жөнүндө айтып берейинби?" Алар: "Ооба" - дешти, Пайгамбар: "Ал иш - Аллахты зикир кылуу" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан минтип сурады: . Силерге ишиңердин ичинен эң абзелин, эң маанилүүсүн, Аллахка эң жакынын, эң тазасын, эң алдыңкысын айтып үйрөтүүмдү каалайсыңарбы? . Ошондой эле, бейиштеги ордуңарды бийик кыла турганын айтайынбы? Силер алтынды жана күмүштү садака кылгандан да жакшыраак ишти айтайынбы? Силер согушта каапырларга жолугуп, силер аларды, алар силерди өлтүргөндөн да жакшы ишти айтайынбы? Сахабалар: Ооба, айтыңыз. Биз ошол ишти билүүнү каалайбыз - дешти. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Бардык убакта, кандай абал, кандай учур болбосун, Аллахты зикир кылуу - деди.

فوائد الحديث

Аллах Тааланы ачык жана жашыруун зикир кылууну токтотпой улантуу Аллахка жакындатуучу жана Аллахтын алдындагы эң пайдалуу зарыл иштерден.

Бардык ибадат, амалдар Аллахты зикир кылууга негизделип буйрулган. Аллах Таала: "Мени зикир кылуу үчүн намаз оку" деген. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Каабаны таваф кылуу, Сафа менен Марванын ортосундагы басуу, шайтанга таш атуу, мунун баары Аллахты зикир кылуу үчүн буйрулган" - деген.

Ал-Изз бин Абдусалам минтип айткан: Бул хадис бардык эле ибадаттардын сообу аткарылуусунун ченине карай бериле бербестигине далил. Тескерисинче, кээде Аллах Таала көп амалга берген соопко караганда, аз амалга көбүрөөк сооп берет. Сооп амалдардын артыкчылыгына карай берилет.

Манаавий "Файз ал-Кодир" китебинде минтип айткан: Бул хадистеги зикр кимге кайрылса ошого тиешелүү эң абзел зикр болуп эсептелет. Эгер бул зикр эр жүрөк, баатырга багытталса, ал ошол себептүү исламга пайдасын тийгизе турган болсо, ал үчүн бул зикр жихад деп айтылат. Эгер бай адамга багытталса, ал ушул зикр себептүү жардыларга пайдасын тийгизсе, ал үчүн садага деп айтылат. Эгерде ажыга мүмкүнчүлүгү бар адамга багытталса, ал үчүн ажылык деп айтылат. Эгерде ата-энеси бар адамга карата айтылса, ал үчүн жакшылык кылуу деп эсептелет. Ошентип бардык хадистерде айтылган максат орундалат.

Зикирдин эң толугу - тил менен айтылып, жүрөк менен маанисин ойлонгон зикир. Андан кийинкиси жүрөктөн маанисине ойлонуу менен кылынганы. Андан кийинкиси тил менен эле айтылып чектелгени. Булардын баарына өзүнө жараша сообу берилет.

Мусулман адам убакыттарга байланган зикирлерди, мисалы, эртең менен жана кечинде айтылчу зикирди, мечитке, үйгө, ажатканага киргенде жана андан чыкканда айтылчу зикир сөздөрдү ж.б. такай айтып жүрүүсү керек.

التصنيفات

Зикир кылуунун артыкчылыктары