Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок. Бирок мага Жебирейил келип, Аллах Таала периштелерге силерди мактап жатканын айтты" - деди

Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок. Бирок мага Жебирейил келип, Аллах Таала периштелерге силерди мактап жатканын айтты" - деди

Абу Саид Худри айтат: "Мечитте отурган адамдарга Муавия чыгып: "Эмне кылып отурасыңар?" - деди. "Аллахты эстеп, зикир кылып отурабыз" - дешти. "Ушул үчун гана отурабыз деп касам иче аласыңарбы?" - деди. "Аллахка касам ичип айтабыз, биз ушул үчүн гана отурабыз" - дешти. "Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок (пайгамбардын кылганын кылып, ага окшошуу үчүн ушинттим). Аллахтын элчисинен менден да аз риваят кылган эч ким жок: Бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте тизилип отурган сахабаларына чыгып: "Эмне кылып отурасыңар?" - деди. "Аллахты зикир кылып, бизди Исламга баштаганына жана аны бизге белек кылганына шүгүр келтирип отурабыз" - дешти. "Ушул үчүн эле отурабыз деп касам ичесиңерби?" - деди. "Аллахка касам ичип айтабыз, ушул үчүн эле отурабыз" - дешти. "Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок. Бирок мага Жебирейил келип, Аллах Таала периштелерге силерди мактап жатканын айтты" - деди".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Муавия бин Абу Суфян (ага Алла ыраазы болсун) мечитте тизилип отурган адамдарга чыгып, алар эмне үчүн чогулуп отурганын сурайт. Алар: Аллахты зикир кылып отурабыз дешет. Алар чындап эле Аллахты зикир кылууну каалап чогулганын касам ичип тастыктоосун сурайт. Алар касам ичишет. Анан аларга: Мен силерге ишенбегеним үчүн же шектенгеним үчүн касам ичиргеним жок деп, пайгамбарды туураганын айтат. Анан пайгамбарга эң жакын адам болгонун айтат. Анткени анын бир тууганы Умму Хабиба пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы эле, ошондой эле ал өзү анын вахий жазган катчысы болгон. Бирок ошентсе да өтө аз хадис риваят кылган. Анан аларга минтип айтып берет: бир күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйүнөн чыгып, мечитте Аллахты зикир кылып, аларды Исламга баштап, динди нээмат кылганы үчүн алкыш-мактоо айтып отурган адамдарды көрөт. Анан алардын эмне кылып отурганын сурап, азыр Муавия касам ичтирген сыяктуу аларга касам ичтирет. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардан эмне үчун сурап, эмне үчүн касам ичтиргенинин сырын айтат. Ага Жебирейил келип, Алла Таала ал жерде отургандарды периштелерге мактап сыймыктанганын б.а. силердин артыкчылыгыңарды жана жакшы амалыңарды көрсөтүп, алардын жанында мактады дейт.

فوائد الحديث

Илим жеткирүүдөгү Муавиянын (ага Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгын, пайгамбарга эргешүүгө жан үрөгөнүн билебиз.

Ишеничтин жоктугунан эмес, айтыла турган сөздүн (кабардын) маанилүүлүгүн билдирүү үчүн касам ичтирүүгө болот.

Зикир кылуу же илим алуу үчүн чогулуу жакшы иш, Аллах Таала аларды жакшы көрөт жана периштелерге мактайт.

التصنيفات

Илимдин артыкчылыгы, Зикир кылуунун артыкчылыктары