Илимдин артыкчылыгы

Илимдин артыкчылыгы

4- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!

7- «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.@*