Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат

Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген: "Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат. Кимде-ким бирөөнүн ишин жеңилдетсе, Аллах анын ишин дүйнө жана акыретте жеңилдетет. Кимде-ким мусулмандын айыбын жашырса, Аллах дүйнө жана акыретте анын айыбын жашырат. (Диндеш) тууганына жардам берген пендеге Аллах да жардам берет. Кимде-ким илим издеп жолго чыкса, ошол үчүн Аллах ага бейиштин жолун жеңил кылат. Кайсы бир адамдар Аллахтын үйлөрүнүн бирине чогулуп Аллахтын китебин окуп, бири-бирине үйрөтсө, аларга бейпилдик түшөт, ырайым ороп алат, аларды периштелер курчайт, Аллах аларды периштелерге мактайт. Кимди иш-амалдары артта калтырса, аны ата-теги алдыга жылдырып койбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандын Аллахтын астындагы сыйы анын бул дүйнөдө башка мусулмандарга кылган жакшы мамилесине жараша болот; ким бир мусулмандын кайгысын кетирип, жеңилдетип, жардам берсе, Аллах Таала анын кыямат күнкү кыйынчылыктарын жеңилдетүү менен сыйлайт. Ким бирөөнү кыйынчылыктан чыгарса, Аллах аны дүйнө жана акыретте кыйынчылыктан чыгарат. Ким бир мусулмандын ачыкка чыгарууга болбой турган айып, ката-кемчилигин жашырып койсо, Аллах анын кемчилигин дүйнө жана акыретте жашырат. Пенде башка бир тууганынын дүйнөлүк жана акыреттик ишине жардам берип колдогон сайын Аллах Таала аны колдой берет. Колдоо дуба кылуу менен, физикалык жана каржылык жактан болот. Ким Аллахтын ыраазылыгын көздөп шарият илимин издеп чыкса, Аллах Таала ага бейиштин жолун жеңил кылат. Адамдар Аллахтын үйү мечитке чогулуп, Куран окуп, бири-бирине үйрөтүп отурса, аларга бейпилдик, тынчтык түшөт. Аларды Аллахтын ырайымы курчайт. Периштелер курчап алат. Алла Таала аларды периштелерге мактайт. Аллахтын периштелерге пендесин мактаганы жетиштүү кадыр-барк болот. Кимдин амалдары аз болсо, жакшы амал кылгандардын мартабасына жетпесе, ал ата-бабасынын тегине, урматына таянып амалдарды таштап койбосун.

فوائد الحديث

Ибн Дакик ал-Айд мындай деген: бул улук хадис илим, адеп жана эрежелердин түрлөрүн камтыган. Анда мусулмандын муктаждыгын чечүүнүн, колдон келишинче илим менен, байлык менен, же колдоо менен же жакшы акыл насаат менен пайда берүүнүн артыкчылыктары айтылган.

Кыйналган адамдын ишин жеңилдетүүгө кызыктырган.

Мусулманды колдоого кызыктырган, ал канча колдосо, аны Аллах ошончо колдойт.

Мусулманды жашырууга анын кемчиликтерин аңдыбоо да кирет. Абалкылардын сөзү бар: Айыбы жок коомду көрдүм. Бирок алар адамдардын айыбын айтышат эле. Анан адамдар алардын айыбын айта баштады. Ошондой эле айыбы бар коомду көрдүм. Бирок алар башкалардын айыбын жашырат эле. Ошондуктан алардын айыбы да унутулчу.

Адамдардын айыбын жашыруу – жамандыкты токтотпой коюу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, жамандыктын алдын алып, ошол эле учурда жашыруу керек. Бул — бузукулукта жана зулумдукту тынымсыз улантууда белгилүү болбогон адамдарга тиешелүү. Ал эми ким жамандыкта белгилүү болсо, аны жашыруу жакшы эмес, тескерисинче, эгер чоң зыян алып келбесе, анын ишин бийлик ээсине (валисине) билдирүү керек. Анткени аны жашыруу бузукулукка шыктандырат, адамдарга зыян кылууга жана башка жамандык ээлерин да ошого үндөп, тайманбай кылууга түрткү берет.

Хадисте илим алууга, Куран окууга жана аны үйрөтүүгө кызыктырган.

Имам Навави минтип айткан: "Бул хадис Куран окуу үчүн мечитке чогулуунун артыкчылыгын далилдейт. Медреседе ж.б. диний окуу жайларда чогулуп Куран окуу, үйрөнүү деле ушул сыяктуу".

Жаза, сый амалга жараша берилет, текке карата эмес.

التصنيفات

Илимдин артыкчылыгы