Абу Абдур-Рахман ас-Сулами, рахимахуллах , мындай деп айтты: Бизге Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.

[Хасан (жакшы)] [Ахмад жазып калтырган.]

الشرح

Сахабалар, Аллах алардан ыраазы болсун, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, Курандан он аят алышчу жана алар аяттардан илимди алып ага амал кылмайынча, башка аяттарга өтүшчү эмес. Ошентип алар илим менен амалды бирге үйрөнүшкөн.

فوائد الحديث

Сахабалардан Аллах ыраазы болсун. Алардын Куранды үйрөнүүгө болгон аракеттери ачыкталды.

Куранды үйрөнүү аны окуу жана жаттоо менен эле эмес, андагы нерселерди билүү жана амал кылуу менен болот.

Илим сөздөн жана иш-аракеттерден турат.

التصنيفات

Тажвид илими, Куран окуунун жана аны алып жүрүүнүн адептери, Илимдин артыкчылыгы