Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке…

Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет

Анас, радыяллаху анху, риваят кылат: «Мен силерге Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, уккан хадисти айтып берейин. Бул хадисти силерге менден башка эч ким айтып бербейт. Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: «Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет»

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын жакындашынын белгилеринин бири – шарият илиминин көтөрүлүшүн айтты. Ал илимдин көтөрүлүшү аалымдардын өлүмү менен болот. Натыйжада наадандык көбөйүп, зина, бузукулук жайылат. Арак ичүү кеңири тарайт. Эркектердин саны азайып, аялдардын саны көбөйөт. Ошентип, элүү аялдын ишин караган жана аларды камсыз кылган бир эркек болот.

فوائد الحديث

Кыяматтын кээ бир белгилерин айтты.

Кыяматтын убактысын билүү – Аллах белгисиз кылган кайып иштердин бири.

Шарияттын илими жоголуп кеткиче аны үйрөнүүгө чакырды.

التصنيفات

Кабыр жашоосу, Илимдин артыкчылыгы