Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага…

Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун

Жабир бин Абдуллах (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун».

[Сахих (ишенимдүү)] [Ибн Маажа жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аалымдардын алдында мактануу үчүн жана мен да силердей аалыммын деп өзүн көрсөтүү үчүн илим алуудан катуу кайтарды. Ошондой эле акмактар жана жеңил ойлуу адамдар менен талашып-тартышуу максатта илим алуудан кайтарды. Жыйындарда алдыңкы катарда болууга, башкалардан артыкчылык кылуу максатта илим алуудан кайтарды. Андыктан ким мындай кылса, анда ал риякерлиги жана илим издөөдөгү ыклассыздыгы үчүн отко татыктуу болот.

فوائد الحديث

Илим менен мактануу, аны менен талашып-тартышуу, же аны менен жыйындарда өзүн көрсөтүү ж.б. ушул сыяктуу максаттарда илим алган адамга катуу азап менен эскертүү болду.

Илим үйрөнгөн жана үйрөткөн адамдар үчүн ниеттеги ыкластуулуктун маанилүүлүгү.

Ниет – амалдардын негизи жана анын негизинде соопторго жетет.

التصنيفات

Жүрөк оорулары, Напсиге жана кумарга берилүүнүн жамандыгы, Merit and Significance of Knowledge