إعدادات العرض
Аллах кимге жакшылыкты кааласа, аны динде илимдүү кылат
Аллах кимге жакшылыкты кааласа, аны динде илимдүү кылат
Муавия (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айтканын уктум: "Аллах кимге жакшылыкты кааласа, аны динде илимдүү кылат. Чынында мен бөлүштүрүүчүмүн, Аллах берүүчү. Бул үммөт Аллахтын динин бекем кармаса, кыямат болгонго чейин аларга каршы чыккандар зыянын тийгизе албайт".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands සිංහල தமிழ் دری Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Soomaali Moore Українська Български Wolof Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала жакшылыкты каалаган пендесине Өзүнүн динине болгон туура түшүнүк берип коёт. Ал эми ал өзү (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала берген ырыскыны, илимди ж.б. бөлүштүрөт жана таратат. Чыныгы берүүчү - Аллах Таала. Башкалардын баары себеп, Аллахтын каалоосу менен гана пайда бере алат. Бул үммөт Аллахтын динин бек кармап, Анын буйруктарын так аткарып жүрсө, кыямат болгонго чейин аларга каршы чыккандардын зыяны аларга тийбейт.فوائد الحديث
Шарият илиминин артыкчылыгы, маанилүүлүгү, аны үйрөнүү жана ага кызыктырып шыктандыруу.
Бул үммөттүн сакталуусуна алардын ак динди бекем кармануулары себеп болот. Эгер бир тайпа ал жолдон тайса, анын ордуна башкасы келет.
Дин илимин терең түшүнүү - Аллах Таалынын пендесине каалаган жакшылыгынан болуп эсептелет.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын буйругу жана каалоосу менен гана бере алат, ал өзү эч нерсеге ээ эмес.
التصنيفات
Илимдин артыкчылыгы