«Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын…

«Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.@*

Убай ибн Кааб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Убай ибн Каабдан Аллахтын Китебиндеги эң улуу аят жөнүндө сурады. Ал жооп берүүдөн карманып, анан: Бул Аятул Курси (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу) деп айтты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аны ырастап жана илим менен даанышмандыкка толгон көкүрөгүн чапты. Ал бул илим менен кубанычка жетиши үчүн жана ага жеңил болуу үчүн Пайгамбарыбыз ага дуба кылды.

فوائد الحديث

Убай бин Каабдын (Аллах андан ыраазы болсун) артыкчылыгы.

Аятул-Курси Аллах Тааланын Китебиндеги эң улуу аят. Андыктан аны жаттап, маанисине ой жүгүртүп, ага амал кылуу керек.

التصنيفات

Сүрө жана аяттардын артыкчылыгы, Илимдин артыкчылыгы