إعدادات العرض
Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун
Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун
Абдуллах бин Буср (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши келип: Оо, Аллахтын элчиси, мага Ислам шариятындагы (напил) амалдарды аткаруу көптүк кылып жатат. Мен дайыма аткарып жүрө турган (жеңил) ибадатты айтчы - деди. Аллахтын элчиси ага мындай деди: "Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو Oromoo አማርኛ ไทย Română മലയാളം Malagasy नेपाली Deutschالشرح
Бир киши Аллахтын элчисине келип, напил ибадаттарды аткарууга алсыздык кылып жатканын айтып даттанат. Анан Аллахтын элчисинен ага аткарууга жеңил, сообу көп бир ибадатты үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык убакта жана абалда Аллахка тасбих айтып, мактоо айтып, кечирим тилеп, дуба кылып тили кыймылдап, нымдалып туруусун айтып жол көрсөтөт.فوائد الحديث
Аллах Тааланы дайыма зикир кылуунун артыкчылыгы.
Соопко жетүүнүн жолдорун жеңил кылганы Аллах Тааланын берешендигинен.
Пенделердин жакшылыктагы насиптери да ар түрдүү болот.
Аллах Таалага тасбих, мактоо, тахлил, такбир ж.б. зикирлерди ар дайым тил менен айтып, жүрөк менен тастыктоо башка көптөгөн напил ибадаттардын ордуна жүрөт.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар дайым өзүнө суроо бергендердин абалын эске алып, ар бирине шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берген.
التصنيفات
Зикир кылуунун артыкчылыктары