إعدادات العرض
Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун
Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун
Абдулла бин Буср (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга бир киши келип: "О Аллахтын элчиси! Ислам шарияты (напил амалдар) бизге көптүк кылып жатат. Анын баарына татый турган дайыма аткарып жүрө турган амал барбы?" - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун". Дагы бир айтымда: Муаз бин Жабал (ага Аллах ыраазы болсун) айткан хадисте: Мен Аллахтын элчисинен эң акыркы сураганым: "Кайсы амал Аллахка жакын жана жагымдуу" деген суроо болду. Ал: "Сен Аллахты зикир кылуу менен тилиң нымдалган абалда өлүүң" - деди.
الترجمة
العربية Español አማርኛ English اردو Indonesia বাংলা Français Türkçe Русский Bosanski සිංහල हिन्दी 中文 فارسی Tiếng Việt Tagalog Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili தமிழ் ไทย Deutsch پښتو অসমীয়া Shqip Nederlands ગુજરાતી नेपाली Lietuvių دری Српски тоҷикӣ Kinyarwanda Magyar Čeština Moore Malagasy Oromoo ಕನ್ನಡ Wolof Azərbaycan O‘zbek Українська ქართული Македонски ភាសាខ្មែរ ਪੰਜਾਬੀ मराठी Kirundi Kurmancî Bahasa Melayuالشرح
Бир киши Аллахтын элчисине келип, напил ибадаттарды аткарууга алсыздык кылып жатканын айтып даттанат. Анан Аллахтын элчисинен ага аткарууга жеңил, сообу көп бир ибадатты үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык убакта жана абалда Аллахка тасбих айтып, мактоо айтып, кечирим тилеп, дуба кылып тили кыймылдап, нымдалып туруусун айтып жол көрсөтөт.فوائد الحديث
Аллах Тааланы дайыма зикир кылуунун артыкчылыгы.
Соопко жетүүнүн жолдорун жеңил кылганы Аллах Тааланын берешендигинен.
Пенделердин жакшылыктагы насиптери да ар түрдүү болот.
Аллах Таалага тасбих, мактоо, тахлил, такбир ж.б. зикирлерди ар дайым тил менен айтып, жүрөк менен тастыктоо башка көптөгөн напил ибадаттардын ордуна жүрөт.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар дайым өзүнө суроо бергендердин абалын эске алып, ар бирине шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берген.
