Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп…

Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*

Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намаз окуп жатканымда шайтан азгырып мени хушуу (11) менен окуудан тосуп жатат. Мен Куран окуп жатканымда чаташтырып, күмөнгө салып жатат." - деп айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай деди:" Бул Ханзаб деген шайтан. Эгерде муну билип, сезсең, анда Аллахтан коргоо суран, Аллахтан андан коргоо сура жана сол тарабыңа үч жолу аз шилекейиң менен түкүрүп жибер. Усман айтты: Ошентип, мен Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эмнени буйруса, ошону аткардым. Ошондуктан Аллах аны менден кетирди.

فوائد الحديث

Намазды кичи пейилдик менен окуу жана жүрөктү намаз окууга даярдоо маанилүү. Шайтан намазда ага калакат берүүгө жана шек салууга аракет кылат.

Шайтан намазда азгырганда, сол жагына үч жолу түкүрүп, Аллахтын шайтандан коргоосун суроо сооптуу.

Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) өздөрүнүн арасында болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн, Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайрылышканын баяндалды.

Сахабалардын жүрөктөрүнүн жашоосу жана алардын акыретке кам көрүүсү баяндалды.

التصنيفات

Жиндер, Намаздын сыпаты, Зикир кылуунун артыкчылыктары, Кокустук иштерде айтылчу зикирлер