Намаздын сыпаты

Намаздын сыпаты

6- ?Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имим такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун