إعدادات العرض
"Чындыгында, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп…
"Чындыгында, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан". @
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: "Чындыгында, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands اردو Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa Kiswahili پښتو অসমীয়া دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली తెలుగు Bosanski ಕನ್ನಡ Kurdî മലയാളം Română Soomaali Shqip Српски Українська Wolof Moore Tagalog தமிழ் Azərbaycan فارسی ქართული 中文 Magyar Português Deutsch Русский አማርኛ Bambara Македонски Malagasy Oromoo ភាសាខ្មែរ ไทย मराठी ਪੰਜਾਬੀ Türkçe Italiano O‘zbek Français Españolالشرح
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазынын сүрөттөлүшүнүн бир бөлүгүн риваят кылып мындайча кабарлап айткан: "Ал намазга турганда “Аллаху Акбар” деп такбиратул ихрамды айткан. Андан кийин “Аллаху Акбар” деп рүкү кылганда, саждага барганда, саждадан башын өйдө көтөргөндө, экинчи саждага барганда, саждадан башын көтөргөндө жана үч же төрт рекет намазда биринчи ташаххудга отургандан кийин алгачкы эки рекеттен турганда такбир айткан. Андан соң бардык намаздарды бүткүчө мына ошондой кылып окучу. Рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллаху лиман хамидах" - деп, андан кийин рүкүдөн тик турганда: "Раббанаа лакал хамд" - деп айткан". Анан Абу Хурайра намазын окуп бүткөндөн кийин мындай дейт: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан".فوائد الحديث
Ар бир рүкүгө эңкейип жаткан учурда жана рүкүдөн көтөрүлүп жаткан учурда такбир айтылат. Ал эми рүкүдөн тик турган учурда: "Самиьаллааху лиман хамидах" - деп айтылат.
Сахабалар Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үлгү алууга жана анын сүннөттөрүн сактоого өтө ынтызар болушкан.
التصنيفات
Намаздын сыпаты