Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал…

Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу

Ибн Аби Авфа, радыяллаху анху, айтты: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах" - деп айтчу. Мааниси: Ким Аллах Таалага мактоолорду айтса, Аллах Таала анын дубасын кабыл кылат жана анын мактоо-шүгүрлөрүн кабыл кылып, ага сооп-сыйлыктарды берет. Андан кийин Аллах Таалага ушул сөздөр менен мактоо-шүгүрлөрдү айтат: Оо, Аллах! Раббибиз, Сага асман толо жана жер толо, андан кийин каалаган нерсең менен толтура мактоолор болсун. Асмандарды, жерди жана алардын ортосундагы бардык нерселерди толтурган мактоолор болсун жана Аллах каалагандай мактоолор болсун.

فوائد الحديث

Намаз окуган адам рүкүдөн башын көтөргөндө эмнени айтуусу сооптуу экени баяндалды.

Рүкүдөн тургандан кийин түз жана бейпил туруу шариятта бар. Анткени ал түз жана бейпил турмайынча бул зикирди айтуу мүмкүн эмес.

Бул зикир парз болобу, нафил болобу бардык намаздарда айтылыш керек.

التصنيفات

Obligatory Acts of Prayer, Obligatory Acts of Prayer, Намаздын сыпаты, Намаздын сыпаты, Намаздын зикирлери, Намаздын зикирлери