Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] [Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда отурганда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - деп кайра-кайра кайталайт эле. "Раббигфир ли" - дегендин мааниси: пенденин Раббисинен анын күнөөлөрүн кечирүүнү жана айыбын жабууну сурануусу.

فوائد الحديث

Парз жана нафил намаздардагы эки сажданын ортосунда отурганда бул дубаны айтуу шариятта каралган.

"Раббигфир ли" деп бир жолу айтуу важиб. Ал эми кайталап айтуу мустахаб.

التصنيفات

Намаздын сыпаты