Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.

[Сахих (ишенимдүү)] [Ибн Маажа жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактооосу болсун) намазда эки сажданын ортосунда ушул беш нерсени, мусулман пенде өтө муктаж боло турган, дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын ичине камтыган нерселерди сурап дуба кылчу. Биринчи: Күнөөлөрүн кечирүүнү, айып-кемчилигин жашырууну жана ал үчүн жазалабоону. Экинчи: Кенен ырайымын. Үчүнчү: Шектүү иштерден, ышкы-кумардан, оору-сыркоодон сактоону. Төртүнчү: Ак жолду жана ал жолдон адаштырбай алып жүрүүнү. Бешинчи: Ыйман, илим, жакшы амал жана адал ырыскысын берүүнү.

فوائد الحديث

Эки сажданын ортосунда ушул дубаны айтуу шариятта көрсөтүлгөн.

Дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын ичине камтыганы үчүн бул дубанын артыкчылыгы чоң.

التصنيفات

Намаздын сыпаты, Намаздын зикирлери