إعدادات العرض
Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:…
Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт
Абу Хурайра, радыяллаху анху, рываят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, айтты: "Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт".
[Сахих (ишенимдүү)] [Ибн Хаббан жазып калтырган]
الترجمة
العربية English မြန်မာ Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands اردو Bahasa Indonesia ئۇيغۇرچە বাংলা Türkçe සිංහල हिन्दी Tiếng Việt Hausa Kiswahili ไทย پښتو অসমীয়া دری Lietuvių Kinyarwanda नेपाली తెలుగు Bosanski Italiano ಕನ್ನಡ Kurdî മലയാളം Oromoo Română Soomaali Shqip Српски Українська Wolof Tagalog Moore Malagasy தமிழ் Azərbaycan فارسی ქართული 中文 Magyarالشرح
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, уурулук кылган адамдын эң жаманы, намазынан уурдаган адам экенин баяндады. Себеби, башка бирөөнүн акчасын алуу, бул дүйнөдө ага пайда алып келиши мүмкүн. Намазын уурдаган ууру бул уурудан айырмаланып турат. Анткени ал өзүнүн сооп-сыйлыгын уурдап алат. Сахабалар: "Оо, Аллахтын Элчиси, ал намазынан кантип уурдайт?" - деп айтышты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт" - деп айтты. Себеби, ал рүкүдө жана саждада шашып, эки рекет намазын толук турдө аткарбай калат.فوائد الحديث
Намазды жакшы окуу жана намаздын түркүктөрүн бейпилдүүлүк менен жана тынчтануу менен аткаруу маанилүү.
Рүкүнү жана сажданы толук аткарбаган адамды ууру деп сыпаттоо - аны ошондой кылып намаз окуудан коркутуу жана андай окуунун арамдыгы тууралуу эскертүү.
Намазда рүкү менен сажданы толук кылуу жана ал экөөнү бирдей аткаруу важиб болот.