Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга

Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга

Ибн Аббастын (аларга Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга . Бешене, анан колу менен мурдун көрсөтүп ишаара кылды, эки кол, эки тизе жана эки буттун учу. Ошондой эле кийимди кымтыланбоого жана чачты байлап албоого буйрулдум".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала аны сажда кылганда жети мүчөсү менен сажда кылууга буйруганын айтат. Алар: Биринчи: бешене, ал: эки көз менен мурундун өйдө жагындагы жүздүн жайык жери. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мурун менен бешене экөө биригип жети мүчөнүн бири экенин баяндап жана сажда кылган адам мурдун жерге тийгизүүсү зарыл экенин бышыктап, мурдун колу менен ишаара кылып көрсөткөн. Экинчи жана үчүнчү мүчөлөр: эки кол. Төртүнчү жана бешинчиси: эки тизе. Алтынчы жана жетинчиси: эки буттун манжалары. Анан бизди жерге сажда кылган учурда этияттап чачыбызды байлап алуудан, кийимди бирине-бирин киргизип кымтылануудан тыйган. Тескерисинче, аларды жөн таштап койобуз, башка мүчөлөрдөй эле жерге тийип сажда кылуусу үчүн.

فوائد الحديث

Намазда сажда жети мүчө менен кылынуусу важыб.

Намазда кийимди, чачты кымтылап байлоо макирөө.

Намаз окуучу адамга намазда бейпил, тынч болуусу важыб. Бул саждадагы жети мүчөнү жерге тегиз тийгизип, шариятта айтылган зикр-дубаларды айтканча саждада шашпай туруу менен болот.

Чачты байлоодон тыюу эркектерге гана тиешелүү. Анткени аял киши намазда толук жамынып окууга буйрулган.

التصنيفات

Намаздын сыпаты