إعدادات العرض
Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет
Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан: "Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет".
[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी සිංහල Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو Tiếng Việt অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە தமிழ் دری Fulfulde Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Wolof Soomaali Moore Українська Български Azərbaycan ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким бир күндө жүз жолу "субханаллохи ва бихамдихи" деп айтса, анын каталары өчүрүлүп жана кечирилерин кабарлаган. Эгер анын күнөөлөрү албууттанып толкундаган деңиздин бетинде пайда болгон ак көбүктөрдөй көп болсо дагы.فوائد الحديث
Мындай сооп бул сөздү күндө катары менен айткан адамга да, бөлүп-бөлүп айткан адамга да берилет.
Тасбих: Аллах Тааланы кемчиликтен таза деп аруулоо. Ал эми тахмид: Аллах Тааланы сүйүү жана улуктоо менен Анын кемелдүүлүгүн сыпаттоо.
Хадисте айтылган күнөөлөр кичине күнөөлөр. Ал эми чоң күнөөлөр тообо кылуу менен гана кечирилет.
التصنيفات
Зикир кылуунун артыкчылыктары