إعدادات العرض
Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет
Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Хайбар согушу болгон күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет". Умар бин Хаттаб айтат: Мен башчы болууну ушул күнү гана аябай кааладым. Анан мага берип калса деп үмүт кылып (көрүнүү үчүн) боюмду керип өйдө болдум. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абу Талибди чакырып, ага тууну берди. Анан: "Согушка аттан, Аллах жеңишке жеткирмейинче, артыңа кылчайба" - деди. Али алдыга басып жөнөп, токтой калды, бирок артына бурулуп караган жок. Анан үнүн катуу чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар эмне кылганча согушайын? - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Алар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бергенге чейин согуша бер. Эгер алар ушинтип күбөлүк берип мусулман болсо, өлүм жазасына татыктуу күнөө кылмайынча, жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат. Алардын эсеби Аллахтын колунда".
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو Oromoo አማርኛ ไทย Română മലയാളം नेपाली Deutschالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына эртең Мадинага жакын жайгашкан Хайбар жөөттөрү жеңилерин кабар берет. Бул жеңиш азыр мен тууну берген адамдын башчылыгында болот деп айтат. Туу дегени аскерлер белги катары көтөрүп жүргөн желек. Ал кишинин эң негизги сыпаты: Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөт, Аллах менен Анын элчиси аны жакшы көрөт. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан Аллахтын жана Анын элчисинин сүйүүсүнө жетишсем деп үмүт кылып, ушул күнү башчылыкка кызыккандай, эч качан кызыкпаганын эскерет. Анан Умар (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбар көрүп чакырып калабы деген үмүт менен боюн созуп, тууну мага берсе экен деп самады. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али ибн Абу Талибди (Аллах андан ыраазы болсун) чакырып, ага тууну берди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Алиге аскерлерди жетектеп, душман менен жолуккандан кийин Аллах жеңишке жеткирип, душмандын чептерин басып алганга чейин артка чегинбөөнү, токтобоону жана тынчтык келишимин түзбөөнү буйруду. Али (ага Аллах ыраазы болсун) алга жөнөп токтоп калды, бирок пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна каршы келбеши үчүн, артына кылчайбай туруп үнүн бийик чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар менен эмне кылганга чейин согушайын? - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бермейинче алар менен согуш. Эгер алар муну кабыл алып, Исламга кирсе, анда жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат, Ислам мыйзамдары боюнча жазага татыктуу болгон кылмыштан башка учурларда. Жана алардын эсеби Аллахтын колунда».فوائد الحديث
Жоопкерчилиги оор болгону үчүн сахабалар башчы болууну жактырышкан эмес.
Жакшылыгы анык болгон нерсеге умтулууга, самоого уруксат (жайыз).
Башчы аскер кол башчысына согуш талаасында өзүн кандай алып жүрүү керектигине багыт берүүсү керек.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары анын осуятын бекем карманышкан жана аны дароо ишке ашырууга ашыгышкан.
Буйрулган ишке жакшы түшүнбөй калса, аны кайра сурап тактап алуу зарыл.
Жөөттөрдүн жеңилерин айтканы пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгына далил. Ал Хайбар жөөттөрү жеңилет деди эле, айтканындай жөөттөр жеңилди.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругун дароо аткарууга кызыктыруу.
Күбөлүк келмесин айткан адамды өлтүрүүгө болбойт. Эгер өлүмгө татыктуу иши андан анык билинип турса гана өлтүрүлөт.
Ислам мыйзамдары адамдардын иш-аракеттеринин сырткы көрүнүштөрүнө негизделет. Ал эми алардын ички сырлары Аллахтын өкүмүндө кала берет.
Аллах жолундагы күрөштүн негизги максаты - адамдардын Исламга кирүүсү.