إعدادات العرض
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы…
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල ئۇيغۇرچە Hausa Português Kurdî മലയാളം Kiswahili አማርኛ অসমীয়া ગુજરાતી دری Nederlands नेपाली پښتو ไทย Svenska Oromoo Română తెలుగు Lietuvių Malagasy ಕನ್ನಡ Српскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшы иштердин баарын оң колу менен баштаганды артык көрчү. Мисалы: Бут кийимин кийгенде он бутун биринчи кийчү. Чачын, сакалын тараганда же майлаганда оң жагынан баштачу. Даарат алып колдорун жана буттарын жууганда оң жагын биринчи жуучу.فوائد الحديث
Навави минтип айткан: "Шарияттагы оң жактан баштоо эрежеси, ошол нерсени кадырлоо болуп эсептелет. Мисалы: кийим кийүүдө, мечитке кирүүдө, мисвак колдонууда, көзгө сурма коюда, тырмактарды алууда, мурутту кыскартууда, чачты тароодо, колтуктун жүнүн алууда, чач алганда, намазды бүтүрүп салам бергенде, дааратта дене мүчөлөрүн жууганда, даараткандан чыкканда, жегенде, ичкенде, көрүшкөндө, Каабада кара ташты сылаганда ж.б. иштерде оң жагынан баштоо. Ал эми мунун тескерисинде, дааратканага киргенде, мечиттен чыкканда, чимкиргенде, истинжа кылганда, кийимин, шымын, маасысын ж.б. кийимин чечкенде сол жагынан баштоо жакшы. Мунун баары оң жактын артыкчылыгы үчүн.
"Оң жакты жакшы көрөт эле" дегени, кыймылды оң кол жана оң бут менен баштоону, оң тарапты (оң жакта отуруу, оң жакты карап жатуу, саламдашканда оң жактагы кишиден баштап саламдашуу ж.б.) жана бир нерсени бергенде оң тараптагы адамдан баштап берүүнү ж.б. ичине камтыйт.
Навави минтип айткан: "Даарат алганда жуула турган мүчөлөрдөн оң жактан башталбай, бирдей жуула тургандары да бар. Булар: эки кулак, эки алакан жана эки жаак. Буларды бирдей бир убакта жуу керек. Эгерде бир колу кесилген болуп, же дагы башка бир себеп менен бул мүчөлөрүн бирдей жууй албаса, анда оң тарабын биринчи жуу керек.