إعدادات العرض
"Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана
"Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Эртең менен таң атырганда ал минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана" Кеч киргенде минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргизебиз. Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атын менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана". Кээде: "Кайра кайтып баруу Сага гана" дечү.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog Hausa Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو አማርኛ ไทย Oromoo Română മലയാളം Deutsch नेपाली ქართული Moore Magyar తెలుగుالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таң жаңы агарып ата баштаганда минтип айтчу: "Аллахым, Сенин ысмың менен таң атырабыз" Сенин сактооңо таянып, нээмат-жакшылыктарыңа тобокел кылып, топук-ийгиликтериңе куралып, Сен берген күч-кубат менен кыймыл-аракет кылып (таңды тосуп, күндүзгү жашоону баштадык). "Сенин ысмың менен кечти киргизип, Сенин ысмың менен өлүп, Сенин ысмың менен тирилебиз". Б.а. жогоруда айтылгандай кечинде да айтылат. Кечинде минтип айтат: Аллахым Сенин ысмың менен кечти киргиздим, Сенин атың менен тирүүлөр тирилебиз, өлүктөр өлөбүз. "Анан кайра Сенин өзүңө тирилип барабыз" өлгөндөн кийин кайра тирилебиз. Кеч кирип дигерден кийинки убак болгондо минтип айтчу: "Аллахым, Сенин атың менен кеч киргиздик. Сенин атың менен таң атырдык. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра кайтуу Өзүңө гана" бул дүйнөдө да акыретте да кайра кайтаруу Сага гана. Сен мени өлтүрүп, Сен мени кайра тирилтесиң.فوائد الحديث
Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчип, ушул дубаны эртең менен жана кечинде айтуу мустахаб.
Пенденин бардык убакта жана абалда Аллахка муктаждыгы.
Эртең менен зикир айта турган эң жакшы учур: Таң аткандан тартып, күн чыкканга чейинки убак. Кечкиси: дигерден тартып, Күн батканга чейин. Эгер бул убактардан кийин айтып калса, б.а. эртең менен чашкеден өткөндө же бешимден кийин айтып калса деле жарайт. Кечинде деле Күн баткандан кийин айтса жарай берет. Зикрдин убактысы ушундай.
"Кайра тирилип баруу Сага гана" дегенди эртең менен айтканы, адамдар өлүп, кыяматтта кайра тирилген учурду эскертет. Бул жаңы тирилүү, жаңы күн, бул күнү арбактар (рухтар) денеге кайтарылат. Ал күнү адамдар жайылып чыгат. Аллах жараткан бул жаңы күн, Адам баласына күбө болуу үчүн башталат. Бул күндүн мөөнөтү жана убактысы биздин амалдарыбыз үчүн казына болот.
Ал эми "Кайра кайтуу Сага гана" деген сөздүн кечинде айтылганы, адамдар кечинде жумушунан, жүргөн жерлеринен жашаган турак-жайларына кайтып, эс алып ырахатта жатып калышат. Бул Аллах Таалага кайра кайтып барууну эскертет.