Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын…

Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын журттан болсо - бул, өлүмгө тете" - деди

Укба бин Аамир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын журттан болсо - бул, өлүмгө тете" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аял менен жалгыз калууга болбостугун эскертип: Бөтөн аялдын жанына кирүүдөн, же бөтөн аял силердин жаныңарга кирүүсүнөн сак болгула деди. Ансарлардан бир адам минтип сурады: Эгер эркектин жакын туугандары болсо, мисалы, күйөөсүнүн ага-иниси же ага-инисинин баласы, атасы менен бир тууганы, же атасы менен бир туугандын баласы, же эжесинин баласы сыяктуу аялга нике жүрө турган адамдар кирсе боло береби? Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Андан өлүмдөн корккондой корккула! - деди. Анткени, мындай жакын адамдар менен ээн калуу фитнага, диндеги кыйроого алып келет. Күйөөнүн аталары менен балдарынан башка туугандары жат адамга караганда көбүрөөк тыйылуусу зарыл. Жат адамга караганда күйөөнүн туугандары менен ээн калуу көп кездешет. Башкаларга караганда булардан жамандык көбүрөөк жана фитнанын болуусу да көбүрөөк мүмкүн. Себеби аял менен байланышуу жана аны менен ээн калуу жеңил. Адатта эркек кишинин ага-инисинин аялы менен жалгыз калуусуна коомчук кайдыгер карашат. Башынан эле сактанып, алыс болгон чоочун эркекке салыштырмалуу күйөөнүн бир тууганы менен жалгыз калуу өлүм сыяктуу.

فوائد الحديث

Жаман ишке (зынага) кириптер болуп калуунун алдын алуу үчүн жат, бөтөн аялдын жанына кирүүдөн жана аны менен жалгыз калуудан тыйган.

Бул бардык жат адамдарга, айрыкча аялга махрам болбогон күйөөнүн туугандарына тиешелүү. Ал эми аялга кирүү дегени аны менен жалгыз ээн калбоо деген сөз, эгер жанында башка адамдар болсо эч нерсе эмес.

Жамандыкка кириптер болуп калбоо үчүн бардык эле адашуу мүмкүн болгон орундардан алыс болгон жакшы.

Имам Ан-Навави минтип айткан: Бардык тилчи илимпоздор араб тииндеги "ал-ахмаау" деген сөз күйөөнүн жакын туугандарын билдирерин айтышкан. Алар күйөөнүн атасы, атасы менен бир тууганы, ага-иниси, ага-инисинин балдары, атасы менен бир тууганынын балдары ж.б. "Ахтан" б.а. төркүн деген сөз күйөөнүн аялынын жакындарына айтылат. Ал эми "Асхаар" кайын журт деген сөз, экөөнө тең тиешелүү.

"Хамув" (күйөөнүн жакындары) дегенди өлүмгө окшоткон себеби тууралуу Ибн Хажар минтип айткан: Арабтар жаман нерсенин баарын өлүм деп сыпаттайт. Мисалы күнөөнү диндин өлүмү, күнөө кылып жазага татыктуу болгонду жан дүйнөнүн өлүмү, кызганычтан улам талакка татыктуу болгон аялды аялдын өлүмү деп айтышат.

التصنيفات

Аялдарга тиешелүү өкүмдөр