إعدادات العرض
Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп,…
Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет".
الترجمة
العربية Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tagalog Hausa Kurdî Português دری অসমীয়া ไทย Tiếng Việt አማርኛ Svenska Yorùbá Kiswahili ગુજરાતી नेपाली Română മലയാളം Nederlands Oromoo සිංහල తెలుగు پښتو Soomaali Kinyarwanda Malagasy ಕನ್ನಡ Српскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким парз намаздардан кийин төмөнкү зикир-дубаларды айтса: Отуз үч жолу "Субханаллаах" десе, бул Аллахты кемчиликсиз деп аруулоо. Отуз үч жолу "Алхамду лиллаахи" десе, бул Аллахты жакшы көрүп, аны улуктап айткан алкыш-мактоо. Отуз үч жолу "Аллаху Акбар" десе, бул Аллах Таала бардык нерседен Улуу жана Бийик деген сөз. Жүзүнчүсүндө: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп айтса, бул сөздүн мааниси: Жалгыз, эч шериги жок Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, бир гана Кемчиликсиз Аллах Таала толук мүлктүн ээси, Ага гана улуктоо жана сүйүү менен айтылган алкыш-мактоого ылайык, Андан башка эч ким буга ылайык эмес, Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, Ал аткара албай кала турган эч нерсе жок дегенди билдирет. Мына ушул сөздөрдү айткан адамдын күнөөлөрү деңиз суусу толкуганда жээкте пайда болгон аппак көбүктөрдөй көп болсо да кечирилет.فوائد الحديث
Парз намаздардан кийин ушул зикирлерди айтуу жакшы.
Бул зикирлер күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.
Аллах Тааланын улуктугу, ырайымы жана кечирими кенен.
Бул зикирлер күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот дегени, майда күнөөлөргө тиешелүү. Ал эми чоң күнөөлөр тообо кылуу менен гана кечирилет.
التصنيفات
Намаздын зикирлери