Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү…

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)"

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)" - деп көп дуба кылчу. Мен: "О, Алахтын элчиси, биз сизге жана сиз алып келген динге ыйман келтирдик. Ошентсе да биз үчүн коркосузбу?" - деп сурадым. Ал: "Ооба, жүрөктөр Аллахтын манжаларынан эки манжасынын арасында турат. Кандай кааласа ошондой калчайт" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динге жана таат-ибадатка бекем кылуусун жана туура жолдон тайып кетүүдөн, адашуудан сактоосун сурап Аллахка көп дуба кылчу. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип көп дуба кылганына Анас (ага Аллах ыраазы болсун) таң калып, анын жөнүн сураганда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын жүрөктөрү Аллахтын эки манжасынын ортосунда турарын, Аллах аларды каалагандай калчарын айтып түшүндүрөт. Жүрөк ыйман менен каапырлыктын чеги. Жүрөктү арапча "колбун" дейт, мааниси ары-бери өзгөрүп туруучу дегенди туюндурат. Жүрөктүн өзгөрүүсү казан кайнап ашып кеткенден да бат. Аллах кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолго багыттап, динде туруктуу кылат. Кимди кааласа, анын жүрөгүн туура жолдон тайдырып, адаштырат.

فوائد الحديث

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан коркуп, Ага катуу берилип жалбарган жана үммөтүн да ушундай суранууга чакырган.

Динде туруктуу жана бекем болуу зарыл, анткени натыйжа эң акыркы амалдарга тиешелүү болот.

Аллах колдоп, туруктуу кармап турбаса, пенде Исламда көз ирмемчелик да тура албайт.

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана макоосу болсун) өрнөк алып, жогорудагы дубаны көп айтышыбыз керек.

Динде бекем болуп, туруктуу жүрүү - бул Аллахтын пендесине берген чоң нээмат жакышылыгы. Бул үчүн пенде Аллахка шүгүр кылып, алкыш-мактоо айтууга тийиш.

التصنيفات

Таасирдүү дубалар, Жүрөк амалдары