إعدادات العرض
Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем
Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем". Орозо - бул, калканч. Кимдир бирөөңөр орозо кармасаңар, ал күндө жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө, кыйкырып, талашып-тартышпагыла. Эгер орозо адамды бирөө тилдеп же мушташмакчы болсо, ага "мен орозо кишимин" деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант берип айтам, орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу. Орозо туткан адамдын сүйүнө турган эки убагы бар: биринчиси, ооз ачкан убакта кубанат. Экинчиси, Раббисине жолуккан учурда бул дүйнөдө орозо тутканына кубанат".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Kurdî Kiswahili Português සිංහල Русский Nederlands Tiếng Việt አማርኛ অসমীয়া Oromoo پښتو ગુજરાતી Hausa ไทย Română മലയാളം नेपाली Malagasy Deutsch తెలుగు ქართულიالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааланын кудусий хадисте минтип айтканын кабарлайт: Адам баласынын бардык амалдарынын сообу он барабардан жети жуз барабарга чейин көбөйтүлөт. Бирок орозо андай эмес. Анткени, орозодо эл көрсүн деген ниет болбойт, орозону Мен үчүн гана кармайт. Ошон үчүн анын сооп-сыйын Мен Өзүм гана билген өлчөмдө беремин. Анан минтип айтты: (Орозо - бул, калканч) тозоктон сактаган коргон, көшөгө, сактоочу. Анткени орозо шахваттардан тыйып, күнөөдөн тосот. Ал эми тозок шахваттар менен курчалган. (Орозо кармаган адам бузук ишке барбасын) бузук сөздөрдү сүйлөбөсүн, жыныстык катыш же ага алып бара турган иштерди кылбасын. (Талашып-тартышпасын) талаш-тартыш, үнүн көтөрүп кыйкырышкандан этият болсун. Орозо айында (эгер аны бирөө сөгүп, же мушташмакчы болсо), мен орозо туткан кишимин деп айтсын. Ошентсе, уруштан тыйылып калат. Эгер тыйылбай кол салса, мүмкүн болушунча жеңилирээк коргонсун. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жаны колунда турган Аллахтын аты менен касам ичип, орозо кармаганы себептүү оозунун жыты өзгөрүп калса, кыямат күнү ал Аллахтын алдында мисктин жытынан да жыттуу болорун, жума намаздарында жа зикир кылынган отуруштарда колдонуулусу мустахаб болгон мисктин сообунан көп сооп бериле тургандыгын айткан. Орозо кармаган адам үчүн эки учурда кубаныч болот: ооз ачкан учурда, ооз ачууга уруксат берилип, чаңкоосу жана ачкалыгы кеткени үчүн. Орозосун бүтүргөнүнө, ибадатын толук кылганына, Раббисинен жеңилдик болгонуна жана кийинки күндүн орозосун кармоого жардам болгондугуна кубанат. (Раббисине жолукканда, орозо тутканы үчүн кубанат) Анын сыйына жана соопторуна жеткени үчүн.فوائد الحديث
Орозонун артыкчылыгы өзгөчө. Ал адамды бул дүйнөдө кумар каалоосунан сактайт. Акыретте болсо, тозок отунан сактайт.
Орозонун негизги адептеринин бири, жаман, бузук жана пайдасыз сөздөрдү таштоо. Ага карата айтылган сөздөргө же жаман мамилелерге сабыр жана жакшылык менен жооп берүү.
Орозо кармаган адам, же кайсы эле ибадатты аткарган адам ибадатын жакшы, толук аткаргандыгы үчүн бул дүйнөдө сүйүнсө, ал үчүн ибадатынын акыреттеги сооптору кемип калбайт.
Чыныгы толук кубаныч, орозо кармоочулар жана сабырдуулар эсеп-кысапсыз сооп-сыйын алган Кыямат күндө Аллах Таалага жолуккан учурда болот.
Зарылчылыкта же пайдасы тие турган учурда жасап жаткан ибадатын элге жарыя кылып айтуу рия (элге көрүнүү) эмес. Анткени: хадисте (мен орозо кармаган кишимин деп айтсын) деп айтылган.
Чыныгы орозосу толук кармалган адам, дене мүчөлөрү күнөөдөн тыйылган, тили жалгандан, бузук сөздөрдөн, жалган күбөлүк берүүдөн тыйылган, курсагы тамак-аш жана суусундуктан тыйылган адам.
Орозо адамдын кыйкырып, урушуп, талашып тартышуудан тыйылуусу, бул орозо адамга бышыктоо иретинде айтылган. Болбосо, мындай иштер орозо эмес адамга да тыюу салынган.
Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын айтылышы жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы, мужизалыгы ж.б.
التصنيفات
Орозонун артыкчылыгы