Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң

Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң

Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң" - деди. Ырас, бул өтө оор. Андан кийин кайсы күнөө? - деп сурадым. "Өзүң менен бирге аны багуудан коркуп, балаңды өлтүрүүң" - деди. Андан кийин кайсы? - дедим. "Кошунаңдын аялы менен ойноштук кылууң" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң чоң күнөөлөр тууралуу суралды эле, ал мындай деди: Күнөөнүн эң чоңу - чоң ширк. Чоң ширк - бул, Аллахка Анын улухиятына же рубубиятына же ысым-сыпаттарына башканы окшоштуруп, шерик кылып алуу. Бул күнөөнү Аллах Таала тообо аркылуу гана кечирет. Эгер ширк кылып жүргөн адам тообо кылбай өтүп кетсе, анда ал тозокто түбөлүк калат. Андан кийинкиси багуудан коркуп баласын өлтүрүү. Адам өлтүрүү арам. Ал эми өлтүрүлгөн адам өлтүрүүчүнүн канынан бүткөн адам болсо, анын күнөөсү мындан да оор. Анан да эгер өлтүрүүчүнүн өлтүрүүдөгү максаты өзүн ырыскы берүүдө Аллахка шерик кылып алып, ырыскы бере албайм деп коркон учурда болсо күнөө ого бетер оорлойт. Андан кийинкиси кошунасынын аялы менен зына кылуусу, кошунасынын аялына кыянаттык кылуу менен зына кылып, аны өзүнө көндүрүп алуу. Зына кылуу арам. Бирок шарият жакшылык кылууга жана жакшы мамиледе болууга үндөгөн кошунанын аялы менен зына кылуу күнөөнү ого бетер оорлотот.

فوائد الحديث

Ийги иш-амалдар (сообунун) артыкчылыгында айырмаланган сыяктуу, күнөөлөр да чоңдугуна жараша айырмалуу.

Күнөөлөрдүн эң чоңу: Аллах Таалага ширк кылуу, андан кийинкиси өзүң менен бирге багуудан коркуп балаңды өлтүрүүң, андан кийинкиси кошунаңдын аялы менен зынаа кылууң.

Ырыскы Аллахтын колунда, жаратылгандардын баарынын ырыскысын Ал Өз моюнуна алган.

Кошунанын укугу жогору. Ага зыян тийгизүү башкага зыян тийгизүүдөн оор күнөө.

Жаратуучу, Ал гана ибадат кылынууга татыктуу, Ал жалгыз, Анын шериги да жок.

التصنيفات

Аллахты жаратуучулугунда, башкаруучулугунда, ырыскы берүүчүлүгүндө, бардык мүлк ээси экендигинде жалгыздоо