Ушакчылар бейишке кирбейт

Ушакчылар бейишке кирбейт

Хузайфа (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал айтты: «Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум: «Ушакчылар бейишке кирбейт»».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын арасында бузукулук кылууну көздөп сөз ташыган ушакчы бейишке кирбестен жазага татыктуу экенин кабарлап жатат.

فوائد الحديث

Ушак айтуу чоң күнөөлөрдүн бири.

Жеке адамдар жана жамааттын ортосунда бузукулук жана зыян болгондугу үчүн ушак айтууга тыюу салынган.

التصنيفات

Жаман ахлактар