Жаман ахлактар

Жаман ахлактар

1- Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди

2- Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты