إعدادات العرض
Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот
Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот
Самура бин Жундаб жана Мугира бин Шууба (аларга Аллах ыраазы болсун) экөө айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким бир хадистин жалган экенин билип туруп аны мени айткан деп таратса, ал жалганчылардын бири болот".
[Сахих (ишенимдүү)]
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල অসমীয়া Kiswahili Tiếng Việt አማርኛ ગુજરાતી Nederlands پښتو नेपाली ไทย മലയാളം Românăالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ким кайсы бир хадистин жалган экенин анык билип туруп, же жалган болуш керек деп күмөнсүрөп туруп, аны пайгамбардын атынан айтып таратса, ал ушул жалгандын таралуусуна шериктеш болуп калат.فوائد الحديث
Пайгамбардан риваят болгон хадистерге дыкат менен кароо жана аны айтып өткөрүүдөн мурда анын тастыкталганын так билүү зарыл.
Жалганчы деген сыпат жалганды айткан, башкаларга айтып өткөргөн жана жайылткандардын баарына бирдей айтылат.
Айтылган "хадис" жалган сөз экенин анык билген же жалган деп күмөн кылган адамга аны башкаларга айтып өткөрүү арам. Бул сөздүн жалган экенин башкаларга эскертүү үчүн гана айтса уруксат.