إعدادات العرض
Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт
Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт
Абу Муса ал-Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт ". Анан бул аятты окуду: "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" (Худ: 102-аят).
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt සිංහල Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు မြန်မာ ไทย Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە Kiswahili தமிழ் دری Magyar Italiano ಕನ್ನಡ Lietuvių Malagasy Română Kinyarwanda नेपाली Српски Wolof Soomaali Moore Українська Български Azərbaycan mr ქართული тоҷикӣ bm Oromoo Македонскиالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ширк жана күнөөлөр аркылуу зулумдукту уланта берүүдөн жана адамдардын акысына зулумдук кылуудан тыйып эскерткен. Аллах Таала заалымга убакыт берип, кечиктирип, анын өмүрүн, мал-мүлкүн узартып, аны жазалоого шашылбайт. Эгер ушул мөөнөттө да тиги тообо кылбаса, анда аны азабына алып, такыр бошотпойт жана көп зулум кылганы үчүн аны жазасыз калтырбайт. Андан кийин пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Раббиң шаарларды азабына алганда мына ушундай азаптайт. Алар заалым болчу. Анын азабы чынында оорутуучу, катуу" - деген аятты окуду (Худ: 102-аят).فوائد الحديث
Акылдуу адам тообо кылууга шашылуусу керек, эгер заалымдык кылып жүргөн болсо, Аллахтын айла-амалынан аман калбайт.
Эгер тообо кылышпаса, алардын азабын дагы көбөйтүү үчүн Аллах Таала заалымдарды азаптоого шашылбайт, аларга күнөөсүн улантууга убакыт берет.
Зулумдук себебинен Аллах Таала канчалаган коомдорду азабына салат.
Аллах Таала арасында ыймандуу адамдар да бар шаарларды талкалап жок кылса, кыямат күнү алар аткарып жаткан жакшы амалдары менен тирилет, аларга аларды ороп алган азаптын зыяны тийбейт.