إعدادات العرض
Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык
Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык
Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Мусулманды сөгүү - пасыктык, өлтүрүү - каапырдык".
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Hausa Kurdî Português සිංහල Nederlands অসমীয়া Tiếng Việt Kiswahili ગુજરાતી پښتو Oromoo አማርኛ ไทย Română മലയാളം Deutsch नेपाली ქართული Moore Magyar తెలుగుالشرح
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир мусулманды экинчи мусулман бир боорун сөгүүдөн тыйган. Бул Аллахка жана Анын элчисине итаат кылуудан чыгарган пасык иш. Ал эми бир мусулмандын экинчи мусулманды өлтүрүүсү каапырдык иштерден. Бирок бул кичине каапырлык болуп эсептелет.فوائد الحديث
Мусулмандын канын жана намысын сактоо важыб.
Мусулманды себепсиз сөккөн адамдын кесепети оор болот: адилетсиз акаарат кылган адам бузуку болот.
Мусулманды сөгүү же өлтүрүү ыйманды алсыратып, кемчиликтүү кылат.
Кээ бир иштер адамды динден чыгара турган чыныгы чоң каапырлыктын даражасына жетпесе да каапырдык деп аталат.
Бул жерде айтылган каапырлык жалпы ахлу сунна аалымдарынын пикиринде адамды динден чыгарбай турган кичине каапырлык. Анткени, Аллах Таала мусулмандардын бири-бири менен талашып, согушуп турган учурун да ыймандуулар деп сүрөттөгөн. Алла Таала минтип айткан:"Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула..." кийинки аятка чейин: "Чынында, (бардык) момундар – бир туугандар".