Артыкчылыктар жана адептер

Артыкчылыктар жана адептер

20- Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк

23- «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имим Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.*@

26- «Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.*@

78- Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@

81- Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт

82- Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебреил периштени бейишке жөнөтүп: «Бейишке көз салып көр, мен ал үчүн эмнелерди гана даярдаганымды кара» - деди. Жебреил периште бейишти көрүп чыгып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, аны ким гана уккан болсо, анда ага сөзсүз аракет кылып кирет" - деди. Ошондо Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчоого буйруду. Анан Жебреил периштеге: «Бейишке баргын да, бейишти жана Мен анда анын эли үчүн эмнелерди даярдап койгонумду карагын» - деп жөнөттү. Жебреил периште бейишке келип караса, анын айланасы кыйынчылыктар менен курчалган экен. Жебреил периште Раббисине келип мындай деп айтты: «Сенин кудуретиңе ант болсун, ага эч ким кире албайтко деп корктум». Аллах ага: «Сен баргын да, тозокту жана анын эли үчүн эмнени даярдап койгонумду көр» - деп буйруду. Периште тозокко барып караса, алар биринин алоолонгон отунан экинчисин оту өйдө болуп жанып жаткан экен, анан кайра кайтып келип: «Сенин улуулугуңа ант болсун, ага эч ким кирбейт» – деп айтат. Ошондо Аллах аны азгырыктар менен курчоого буйруйт. Анан Жебреилге: «Артка кайтып барып, аны кайрадан карагын» - деп кайра карап келүүгө буйруйт. Жебреил периште барып караса, анын айланасы азгырыктар менен курчалган болот. Ал Аллахка кайтып барып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, мен андан эч ким кутула албайт деп коркуп турам» - деп айтат

84- Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)

85- Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)

147- Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот

150- Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.

153- Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!

155- Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү

162- «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».*@

164- «Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».*@

165- «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)*@