Пенде Раббисине саждада турган абалында эң жакын болот. Ошондуктан ал учурда көп дуба кылгыла

Пенде Раббисине саждада турган абалында эң жакын болот. Ошондуктан ал учурда көп дуба кылгыла

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты. «Пенде Раббисине саждада турган абалында эң жакын болот. Ошондуктан ал учурда көп дуба кылгыла».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пенденин Раббисине эң жакын абалы – саждада турган учуру экендигин баяндады. Себеби, намаз окуп жаткан адам саждада турганда Аллах Таалага моюн сунуу менен, баш ийүү менен жана кичи пейилдик менен денесинин эң бийик жана эң асыл жерин жерге коет. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саждада көп дуба кылууну буйруган. Себеби саждада Аллахка баш ийүү сөз жана иш жүзүндө чогуу болуп жатат.

فوائد الحديث

Ибадат кылуу пендени Аллах Таалага жакындатат.

Саждада көп дуба кылуу сооптуу. Анткени сажда дуба кабыл боло турган жай.

التصنيفات

Дубанын кабыл болуусуна жана кабыл болбой калуусуна себеп болгон иштер