Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль…

Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган.]

الشرح

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадиси кудсийде, Аллах Тааланын айтканын кабар берди: "Мен Фатиха сүрөөсүн намазда Өзүм менен пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, жарымы мен үчүн, жарымы ал үчүн". Биринчи жарымы: Аллахка шүгүрлөр, мактоолор жана улуктоо жана аны эң жакшы сыйлык менен сыйлоо. Экинчи жарымы: дуба жана жалбаруу. Аллах Таала айтты: "Мен ага жооп берем жана сураганын берем" - деди. Намаз окуган адам: "Альхамду лиллахи Раббиль ааълямиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем мага шүгүрлөрдү айтты". Эгер ал: "Ар-Рахманир Рахийм" - десе, Аллах айтат: «Менин пендем Мени мактады жана Мага шүгүрлөрөрдү айтты. Менин жаратканыма болгон жакшылыктарды жалпылай моюнга алды". Эгер ал: "Маалики яумуддиин" - десе, Аллах айтат: "Менин пендем Мени улуктады, бул эң чоң сыймык". Эгер намаз окуган адам: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - десе, Аллах: "Бул Мен менен пендемдин ортосунда" - дейт. Бул аяттын биринчи жарымы Аллахка таандык. Ал аят: "Иййака наьбуду". Бул - ибадат Аллахка гана болоорун моюнга алуу жана Ага гана ибадат кылууну кабыл алуу. Ушул менен Аллахка тиешелүү жарымы бүтөт. Ал эми аяттын экинчи жарымы пенде үчүн. Ал аят: "Иййака настаьийн". Бул - Аллахтан жардам суроо жана Анын жардам берүүгө болгон убадасы. Эгерде намаз окуучу: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - десе, Аллах айтат: "Бул Менин пендемдин дубасы жана жалбаруусу. Пендемдин сураганы берилет жана мен анын дубасын кабыл кылдым".

فوائد الحديث

Фатиха сүрөөсүнүн эң чоң мааниси – Аллах Таала аны намаз (Солах) деп атаган.

Аллах Тааланын Өзүнүн пендесине жардам берээрин баяндап жатат. Анткени Аллах Таала аны мактоо-шүгүрлөрдү айтканы себептен жана улуктаганы себептен мактады жана сураганын берем деп убада берди.

Бул ыйык сүрөө Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтууну, Кыямат күнүн эскертүүнү, Аллахка дуба кылууну, Ага гана чын ыкластан ибадат кылууну, туура жолго салууну суроону жана бузуку жолдордон сактанууну камтып алган.

Намаз окуучу бул хадистин маанисин түшүнсө Фатиха сүрөөсүн окуган кезде анын намаздагы коркуп туруусу күчөйт.

التصنيفات

Сүрө жана аяттардын артыкчылыгы, Ыйык Курандын артыкчылыктары