Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет

Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет

Убаданын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Кимде-ким: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Мухаммад Анын кулу жана элчиси, Иса да Аллахтын кулу, элчиси жана Мариямга үйлөгөн сөзү, анын руху Алладан, бейиш чын, тозок да чын" деп күбөлүк берсе, Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет".

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге мындай кабарлаган, ким тавхид келмесин маанисин түшүнүп, талаптарын аткарып айтса, жана Мухаммад пайгамбардын пенделигине жана пайгамбарлыгына күлөлүк берип, Исанын пенделигин жана пайгамбарлыгын, аны Аллах Таала "бол" деген сөзү менен жаратканын, ал Аллах жараткан рухтардын бири экенин моюндап, яхудийлер анын энесине жапкан жалган жалаадан арууласа, бейиштин чындык экенине жана тозоктун да чындык экенине, булардын бар экенине жана булар Аллахтын жакшылыгы жана азабы экенине ыйман келтирсе, анан ушул абалында дүйнөдөн өтсө, анын ибадаты аз жана күнөөлөрү бар болгонуна карабай, барар жайы бейиш болот.

فوائد الحديث

Аллах Таала Мариям уулу Исаны атасы жок эле "бол" деген сөзү менен жараткан.

Мухаммад пайгамбар менен Иса пайгамбарды Аллахтын пенделери жана элчилери деп чогуу айтканы, экөө тең жалган айтпаган элчи, сыйынылбаган пенде болгон.

Тавхид келмесинин артыкчылыгы, күнөөлөрдү өчүрөрү айтылган. Тавхидди карманган б.а. бир Аллахка сыйынуу ишениминдеги адамдын барар жайы бейиш, кээ бир күнөөлөрдү кылган болсо да.

التصنيفات

Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү, Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү, Акырет күнүнө ыйман келтирүү, Акырет күнүнө ыйман келтирүү, Бейиш менен тозоктун сыпаттары, Бейиш менен тозоктун сыпаттары