Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка…

Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».@

Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Бир киши Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзгөчө эки маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген амал жана тозокко түшүргөн амал. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Бейишке киргизген нерсе - ал адам Аллахка сыйынып жана ага эч нерсени шерик кылбай өтүшү" - деп жооп берди. Ал эми тозокко түшүүгө себеп болгон нерсе - бул адам Аллахка шерик кошуп өлгөндө, бирөөнү Аллахка тең же Анын улухуятында, же рубубиятында, же Анын ысымдары менен сыпаттарында окшош деп эсептегенде болот.

فوائد الحديث

Тавхиддин пазилети. Анткени кимде-ким Аллахка эч нерсени шерик кылбай ыймандуу болуп өлсө, бейишке кирет.

Ширк келтирүүнүн коркунучу. Анткени ким Аллахга шерик кылып өлсө, тозокко кирет.

Ал эми күнөөкөр муваххидтер Аллахтын каалоосунун астында. Ал кааласа азаптайт, кааласа кечирет. Бирок акырында алардын барар жери бейиш болот.

التصنيفات

Улук, Кубаттуу Аллахка ыйман келтирүү, Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо, Тавхиддин артыкчылыктары