Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо

3- «Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып алтурган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».*@

15- Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@