«Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны да, ошол ширкин да таштаймын.*@

«Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны да, ошол ширкин да таштаймын.*@

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны да, ошол ширкин да таштаймын.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муслим жазып калтырган]

الشرح

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала ширк келтирген шериктерге муктаж эмес. Бардык нерсе Аллахка муктаж. Ал эч бир нерсеге муктаж эмес экендигин баяндап жатат. Эгерде инсан кандайдыр бир ибадат кылып, ниетинде Аллах үчүн жана башка бирөө үчүн болсо, анда Аллах аны кабыл кылбастан, аны таштап, ширкин кайра ээсине кайтарып коёрун кабарлап жатат. Ошондуктан иш-аракеттерди ихлас менен Аллах үчүн кылуу зарыл. Анткени Аллах ихлас менен аткарылган иш-аракеттерди гана кабыл кылат.

فوائد الحديث

Ширктин бардык түрүнөн алыс болуу. Ширк себептүү иш-аракеттер кабыл болбойт.

Аллах улуу жана эч кимге муктаж эмес экендигин эстеп жүрүү иш-аракеттерди ихлас менен аткарууга жардам берет.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо, Жүрөк амалдары