Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп

Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Умму Салама Эфиопия жеринде "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анын ичинде (ар түрдүү) сүрөттөр бар экенин Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кеп кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): " Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп . Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)]

الشرح

Ыймандуулардын энеси Умму Салама (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Эфиопия жеринде болгондо "Мария" деп аталган чиркөөнү көргөнүн, анда картиналар, оймо-чиймелер, сүрөттөр бар экенин таң калып айтат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай сүрөттөрдү коюуунун себептерин түшүндүрөт. Сен айтып жаткан адамдар, эгер алардын арасындагы ийги иш-амал кылган кишилерден бирөөсү дүйнөдөн өтсө, анын кабырына намаз окуй турган мечит куруп алышат. Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат - дейт. Ошондой эле, мындай ишти кылгандар Аллахтын алдындагы эң жаман адамдар экенин айтат. Анткени мындай иштер Аллах Таалага ширк кылууга түртөт.

فوائد الحديث

Кабырга мечит куруу, анда намаз окуу, же өлүктөрдү мечиттерге көмүү арам, тыюу салынган. Ширкке алып баруудан тосуу үчүн.

Кабырга мечит куруу, ага сүрөттөрдү коюу, бул жөөттөрдүн жана христиандардын иши, ким мындай кылса, ошолорго окшогон болот.

Жандуулардын сүрөтүн алып жүрүү (тартуу, жасоо ж.б.) арам.

Ким кабырга мечит курса жана ага сүрөттөрдү тартса, ал Аллах Тааланын калктарынын эң жаманы.

Ширкке алып бара турган бардык жолдорду тосуу аркылуу шарият тавхидди толук коргоп турат.

Ийги иш-амал кылган адамдарды урматтоодо чектен чыгып кетүүдөн тыят, анткени бул ширк кылууга түрткү, себеп болот.

التصنيفات

Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо, Мечиттердин өкүмдөрү