إعدادات العرض
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле,…
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди
Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди.
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Bahasa Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी ئۇيغۇرچە Hausa Kurdî Português සිංහල Svenska ગુજરાતી አማርኛ Yorùbá Tiếng Việt Kiswahili پښتو অসমীয়া دری or Malagasy नेपाली Čeština Oromoo Română Nederlands Soomaali తెలుగు ไทย മലയാളം Српски Kinyarwanda ಕನ್ನಡ Lietuvių Wolof Українська ქართული Magyar Moore Shqipالشرح
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, өзүнө тиешелүү иштерин сүйлөшүп, анан: "Аллах жана сен кааладың" деп айтат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын четке кагып, пенденин каалоосун Аллахтын каалоосуна жана деген байламта аркылуу кошуу кичине ширк болорун эскертет. Мусулман адамга минтип сүйлөөгө болбойт. Анан ага туура сөздү үйрөтүп: "Жалгыз Аллах каалады" деп, каалоосунда Аллахты жалгыздоону, анын каалоосуна башка бирөөнүн каалосун эч кайсы байламта менен кошууга болбостугун эскертет.فوائد الحديث
Аллах жана сен кааладың деп, же ушул сыяктуу пенденин каалоосун Аллахтын каалоосуна жана деген байламта менен кошуп айтууга болбойт; анткени, бул кичине ширк болуп эсептелет.
Туура эмес иштен тыюу ваажыб.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тавхиддин тосмосун сактаган, ширктин жолун тоскон.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өрнөк алып, туура эмес иштен тыйганда анын ордуна туура, мубах ишти көрсөтүү керек.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Жалгыз Аллах каалады" деп айткын деген хадиси менен: "Аллах каалады анан сен кааладың" деп айт деген хадиси бири-бирине каршы эмес. Бирөөнүн: "Аллах каалады анан сен кааладың" деп айтуусу жайыз, бирок анын: "Жалгыз Аллах каалады" деп айтканы абзел.
"Аллах каалаган нерсе анан сен каалаган нерсе" деп айтуу жайыз, бирок: "Жалгыз Аллах каалаган нерсе" деп айтуу абзел.
التصنيفات
Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо