إعدادات العرض
«Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу…
«Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».@
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».
الترجمة
العربية বাংলা Bosanski English Español فارسی Français Indonesia Русский Tagalog Türkçe اردو 中文 हिन्दी Tiếng Việt Kurdî Hausa Português മലയാളം తెలుగు Kiswahili မြန်မာ Deutsch 日本語 پښتو অসমীয়া Shqip Svenska Čeština ગુજરાતી Yorùbá Nederlands ئۇيغۇرچە සිංහල தமிழ் دری Български Fulfulde Magyar ಕನ್ನಡ Lietuvių or Română Kinyarwanda тоҷикӣ O‘zbek Akan नेपाली Moore Azərbaycan Wolof Oromoo Soomaali Українська Bambara ភាសាខ្មែរ Kirundi ქართული Македонски Српски Ελληνικά አማርኛ Malagasy ไทย Dansk मराठी ਪੰਜਾਬੀ Lingala Italiano kmrالشرح
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү анын шапааты менен эң бактылуу адам: «Лаа илааха иллаллах, б.а. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок» - деп эл көрсүн дебей жана ширк кылбастан, чын ыклас менен жүрөгүнөн айткан адам экендигин кабар берип жатат.فوائد الحديث
Акыретте Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шапаат берилээрин жана ал бир гана чыныгы муаххидтер (2) үчүн болоору тастыкталып жатат.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шапааты бул - тозокко кирүүгө татыктуу болгон момундардын тозокко кирбештиги үчүн, эгерде тозокко кирген болсо ал жактан чыгуусу үчүн Аллах менен алардын ортосуна түшкөн Пайгамбардын ортомчулугу.
Калыс Аллах Таала үчүн айтылган таухид келимесинин пазилети жана анын чоң таасири.
Таухид келимесин ишке ашыруу анын маанисин билүү жана анын талабына ылайык амал кылуу менен болот.
Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) пазилети жана илимге болгон кызыгуусу.
التصنيفات
Аллахты Ага ибадат кылууда жалгыздоо